Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Жаштар үгүт алдында талапкерлерден убада алышат


11 партиянын жана 25 жаштар уюмдарынын өкүлдөрү "Мен өлкөмдү бөлбөйм" форумунун жыйынтыгында резолюция кабыл алып, аны президенттикке талапкерлерге жолдогону турат. Форумдун уюштуруучуларынын бири, БЭК партиясынын теңтөрагасы Руслан Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, резолюция боюнча үгүт маалында кыргыз элин бөлүп-жарууга тыюу салынат.

Учурда жаштар БШК менен бирдикте бул резолюция мазмунуна макулдук берип, кол коюу боюнча талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү максаттап жатат.

"Мен өлкөмдү бөлбөйм" жаштар форуму 18-сентябрда өткөн. Кыргызстанда президенттик шайлоо алдында үгүт 25-сентябрдан башталат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG