Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Бишкекте экологиялык фестиваль өтүүдө


Бишкекте “350” деген аталыш менен экологиялык фестиваль өтүп жатат. Бул тууралуу фестивалдын башкы координатору Туян Өмүрбекова билдирди.

“Бүгүнкү күндө атмосферадагы кычкылтек газынын көлөмү бир кубметрге 390 молекуланы түзүүдө, нормада ал 350 болуш керек эле. Ушул себептен фестиваль “350” деп аталат”, - деп билдирет Өмүрбекова.

Ушу тапта эски аянтта күндүн энергиясы менен иштеген жабдыктардын көргөзмөсү, вело жарыш өтүп жатат. Уюштуруучулар мындан ары ушул өңдүү ишембиликтер дайыма өткөрүлүп турарын билдиришет. Бул акциялар коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө буруу максатын көздөйт. (ЕК)

XS
SM
MD
LG