Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Чет өлкөлөрдө 24 миң кыргызстандык шайлоочулар тизмесине кирди


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Бактыбек Жумагулов кабарлады. Анын айтымында, бул сан дагы өзгөрөт. Тизмеге киргизилгендердин 8 миңден ашууну Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларынан. Чет өлкөдө жалпысынан 24 шайлоо учасогу ачылары айтылган. Бүгүн чет жактагы шайлоочулар жана жаңы жөнөп жаткан кыргызстандыктар туурасында Тышкы иштер министрлиги жана “Замандаш” ассоциациясы маалымат берет.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо учурунда чет өлкөдө Кыргызстандын элчилиги жана консулдуктарында гана шайлоо участоктору ачылат. Ал эми Кыргызстандын элчилиги жок шаарда жашаган жарандар же мекенине келип, же жакын жайгашкан консулдукка барып добуш бере алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG