Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Евробиримдик Кыргызстанды колдоорун айтты


Европа биримдиги Кыргызстандын демократиялык умтулууларын, шайлоону таза жана акыйкат өткөрүүгө жасап жаткан аракетин колдойт. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы президенттик шайлоонун үгүт иштеринин башталышына карата жасаган билдирүүсүндө айтылат.

"Бул шайлоо өткөөл мезгилдин ийгиликтүү аяктоосунун жана жаңы Конституция боюнча жашоонун башталышынын белгиси болот. Ар бир талапкерге бирдей шарт жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги камсыз болот деп ишенебиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. 2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин өлкөнү өткөөл мезгилдин президенти катары Роза Отунбаева жетектеп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG