Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Апрель соту дагы үзгүлтүккө учурады


7-апрель окуясы боюнча соттук жараян айыпталып жаткандардын бири, мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунгановдун саламаттыгына байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Маалыматка ылайык, 26-сентябрдагы соттук отурумда Дунганов бир нече ирет өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылып дарыгерлердин жардамын алган. Натыйжада сот бүгүнкүгө жылдырылды. Бүгүн сотто күбөлөр көрсөтмө берүүсүн улантат.

Буга чейин адвокат Дунгановдун ден соолугу кескин начарлап жатканын айтып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн айткан. Ал эми экс-коргоо министри Бактыбек Калыевдин баш коргоо чарасын саламаттыгына байланыштуу өзгөртүлгөн. Бул жабырлануучулардын нааразылыгын жараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG