Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:30

Бюджеттин 35 пайызы эмнеге сарпталаары белгисиз


Кыргызстандын республикалык бюджетинин 2012-жылга сунушталып жаткан долбоорунун чыгаша бөлүгүндө 35 пайызы "жана башка чыгымдыр" деп аталат. Бирок, бул каражат эмнеге жумшалаары ачыкталган эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбор Азиядагы эркин базар институтунан маалымдашты. 35 пайызы 28 миллиард сомдон ашат. Өкмөттүн аппаратын, энергетика министрлигин жана Социалдык корду камсыздоого чыгымдар көбүрөөк каралууда. Ал эми күч структураларынын бюджети боюнча маалымат таптакыр жок. Бул маселелер 28-сентябрда Бишкекте өтө турган жыйында талкууланат. Каржы министрлиги сунуштап жаткан келерки жылдын бюджетинде киреше бөлүгү 68 миллиард сом, ал эми чыгашасы 80 миллиард сомдон ашат деп каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG