Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Шайлоо 2011: “Мен тандайм!” долбоору башталды


Кыргызстанда президенттик шайлоону утурлай “Мен тандайм!” аттуу маалыматтык кампания ишке киришти. Анын алкагында өлкө калкына шайлоо мыйзамына киргизилген жаңы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилет. Бул максатта добуш берүүнүн тартиби жазылган 10 миңдей плакат, 650 миң баракча басылып чыкты. Аларды атайын ыктыярчылар Кыргызстандын аймактарында таркатышмакчы.

Уюштуруучулардын бири “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул кампания жарандардын шайлоо укугун убагында жана туура пайдалануусун максат кылат. “Мен тандайм!”кампаниясы “Таза шайлоо” жана Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациялары, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, “Жарандык демилге” тармагынын демилгеси менен уюштурулууда. Бул кампания 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого чейин уланат. (KKs)

XS
SM
MD
LG