Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Кумарканаларды жабуу маселесин ЖК фракциялары талкуулайт


Бүгүн “Кумаркана жана оюн автоматтарын жабуу тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин “Республика”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары талкуулайт. Анын автору депутат Бакытбек Жетигеновдун “Азаттыкка” айтымында, аталган мыйзам долбоору парламенттин 29-сентябрдагы талкуусуна коюлмакчы. Буга чейин ЖКнын тиешелүү төрт комитети карап, жактырган. Мыйзамда 2012-жылдын 1-июлунан тарта кумаркана жана оюн автоматтарын жабуу сунушу айтылат.

Президент Роза Отунбаева 19-сентябрда кумарканаларды таптакыр жабуу мүмкүн эместигин айткан. Мамлекет башчы бул кумар жайлардын ишин чектеп, цивилизациялуу эрежелерди орнотуу зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстанда уруксат алып иштеп жаткан кумарканалар 76 болгону менен, чынында алардын саны 2 миңден ашат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG