Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Кыргызстанга ылайыктуу учактар изделип жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызстан” авиакомпаниясынын директору Жолдошбек Бектурганов билдирди. Анын айтымында, аталган компания бир жылдан бери Кыргызстандын шартына ылайыктуу учактарды издөөдө. Ушул тапта 2-3 сунуш каралып жатат. Алар жактырылса жана шарттар макулдашылса, компания учактарды алууга даяр.

Кыргыз өкмөтү 2010-жылдан тарта өлкө аймагында АН-24 үлгүсүндөгү учактарды пайдаланууга тыюу салган токтом кабыл алган. Бул коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалганы айтылган. Бүгүнкү күндө 1974-1977-жылдары алынган бул учактар менен Кыргызстан аймагында күн сайын 5 каттам жүргүзүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG