Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

АКШ жана Евробиримдик Израилдин чечимин сынга алды


Евробиримдик Израилдин Чыгыш Иерусалимде жаңы 1100 үй куруу чечимин сынга алуу менен аны кайра кароого чакырды. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул кадамды “пайда бербей турган” иш деп атады. Чыгыш Иерусалимди болочоктогу мамлекетинин борбору катары эсептеген палестиндер бул кадам Израилдин тынчтык сүйлөшүүлөргө кызыкдар эместигин көрсөтүп жатканын айтышууда.

Израил Чыгыш Иерусалимде жаңы үйлөрдү куруу чечимине палестин лидери Махмуд Аббас өткөн аптада Бириккен Улуттар уюмуна Палестин автономиясын көз карандысыз мамлекет катары мүчөлүккө кабыл алуу арызын тапшыргандан кийин барып жатат. Палестин бийлигинин бул аракети дүйнө державаларынын эки тарапты тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакыруусун шарттады. Палестин жетекчилиги сүйлөшүү башталганга чейин Израилдин талаштуу аймактардагы курулуштары токтотулушу керектигин билдирсе, жөөт бийликтери бул кабыл алынгыс шарт экендигин айтышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG