Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Согуш ардагерлери чырдашып жатышат


Кыргызстандын Согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин 15-сентябрда өткөн съезди легитимдүү эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Татыктуу жашоо жана катарыбыздын тазалыгы үчүн" деп аталган демилгелүү топтун жетекчиси Анвар Сартаев билдирди.

Анын айтымында, райондук жана облустук конференциялар бардык жерде тегиз өткөрүлгөн жок. Андыктан республикалык съездге катышкан 100 делегаттын бардыгы легитимдүү эмес. Мисал катары ал Жалал-Абад облусун келтирди.Сартаевдин айтымында, бардык эле ардагерлер республикалык кеңештин бар экенин билишпейт жана өз укуктарынан пайдаланышпайт.

Аталган кенештин төрагасы Тарас Токомбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Сартаевдин дооматы боюнча учурда текшерүү жүрүп жатат. Тиешелүү протоколдор түзүлгөндөн кийин териштирүү башталат.

Согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин курамында 20 миңдей адам бар. Ал ардагерлердин жеке, эмгек, социалдык укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн. Аны мамлекет каржылайт. (RK)

XS
SM
MD
LG