Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Нарында жаш мугалимдер депозит программасын күтүп жатышат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук билим берүү округунун адиси Гүлмира Таранчиева билдирди. Анын айтымында, жылда окуу жылдын башында “Жаш мугалимдердин депозити” деген программанын алкагында атайын сынак өтүп келген. Быйыл өтөөр-өтпөсү белгисиз. Учурда облус боюнча 171 мугалим депозит программасы менен иштеп жатышат. Иш тажрыйбасы үч жылдан ашпаган жаш мугалимдердин жалпы саны 688. Жаңы окуу жылына карата облус жогорку окуу жайын быйыл бүткөн 64 мугалим менен толукталды. Бул саамалык мугалимдердин айлыгы көбөйгөнүнөн деп баалады Гүлмира Таранчиева. Депозит программасы жаш адистер үчүн атайын эсеп ачып, мамлекет тараптан кошумча каражат бөлүп берүүгө арналган. (ErB/RK)

XS
SM
MD
LG