Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:54

"Ак-Жол" бекетинен өткөндөрдүн саны нормадан 3-4 эсе ашууда


Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы "Ак-Жол" чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту суткасына 7-10 миң адамдын өтүүсүнө эсептелген. Бирок, бүгүнкү күндө ал аркылуу өтүп жаткандардын саны 30 миңдин тегерегинде болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Памиров билдирди.

"Ак-Тилек", "Каркыра", "Камышановка" жана башка бир катар чек-ара пункттарынын жабык турганына байланыштуу "Ак-Жол" аркылуу өткөндөрдүн саны өтө көп. Мелис Памировдун айтымында, кыргыз тарап "Ак-Жолдо" "Дордой" базарынан товар ташыган соодагерлер үчүн өзүнчө өтө турган жай ачып берген, бирок, казак тарапта андай коридор жок болгондуктан кезекке тургандардын саны көп болуп жатат.

22-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар кыргызстандыктар чек арада казак бажычылары, чек арачылары тараптан ар кыл кемсинтүүлөргө, уруп-сабоого туш болуп жаткандарын айтышкан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG