Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Кара май аткезчилиги тыйылбай жатат


Кыргызстанга келген кара майды Баткен аркылуу Тажикстанга алып чыгуу толугу бойдон токтой элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, 3-4 ай мурдагыдай жүк ташуучу чоң автомашиналар менен мыйзамсыз ташып чыгуу дээрлик жок. Бирок челектерге куюп алып 5-6 литрден чакан партиялар менен жөө же ат жолдору аркылуу тажик тарапка ташымай дагы эле уланууда. Литри 45 сомдук кара майды тажиктерге 60 сомго сатса болот. Айына мындай жол менен 300 тоннадай май алынып чыгышы мүмкүн. Кара май аткезчилиги боюнча маселе өкмөттүк деңгээлге чейин чыгып, аны токтотуу боюнча бир катар чаралар кабыл алынган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG