Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Баткен: 3 мектептин окуучулары жайкы чатыр алдында окушууда


Баткен облусунун 3 мектебинин окуучулары 13 жайкы чатырда окуп жатышат. Облус губернаторунун биринчи орун басары Карамат Орозова “Азаттыкка” маалымдашынча, 20-июлдагы жер титирөөдө 64 мектеп зыянга учураган. Алардын 27си капиталдык ремонтко муктаж деп комиссия тыянак чыгарган. Ал эми төрт мектепти кайрадан куруш керек. “Бирок окуу процессин үзгүлттүккө учуратпайбыз”, -деди Карамат Орозова. 20-июлда болгон жер титирөөнүн очогу Кадамжай районуна келип, силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткен болчу. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG