Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

БШК: Катталбай калгандардын топтогон колдору кайра саналышы мүмкүн


29-сентябрда Жогорку сотто БШК талапкер кылып каттабай койгондор боюнча маселе каралат. Эгер Боршайкомдун аларга карата чыгарган чечими мыйзамсыз деле турган болсо, кол топтоо боюнча бардык кагаздар кайрадан бирден эсептелип чыгат. Эсептөөгө талапкер болууну каалагандар өзүлөру да катыша алышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК мүчөсү Гүлнур Журабаева билдирди.

Анык кол топтой алган эмес деген негизде тил сынагына киргизилбей калган Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиева, Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков, Калыбек Арабаев, Турсунбай Бакир уулу жана Салмоорбек Дыйканов боюнча БШКнын токтомдорун Биринчи Май райсоту мыйзамсыз деп тапкан. Эми акыркы чечимди Жогорку сот чыгарышы керек. Шайлоо 30-октябрда болот. Талапкер болуп расмий катталгандардын саны 20 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG