Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Евробиримдик Сирияга жазаналар долбоорун сунуштайт


Улуу Британия, Франция, Германия жана Португалия сунуштаган резолюциянын жаңы долбоору Сириянын президенти Башар ал-Асадка каршы санкцияларды киргизүүнү көздөйт. Резолюциянын авторлору Сириянын бийлигин карапайым калкка каршы армияны колдонбоого чакырат.

Жаңы документти даярдоо үчүн резолюция долбоорун Орусия менен Кытай жактырышы керек. Буга чейин Индия, Түштүк Африка жана Бразилия Сирияга жазаналарды киргизүүнү колдобостугун ачыктаган.

Улуттар Уюмунун маалыматында президент Башардын бийлигине каршы демонстрациялар башталгандан бери 3 миңге чукул киши өлдү.

XS
SM
MD
LG