Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Кумарканалардын жабылышына каршы митинг өтөт


Бүгүн Жогорку Кеңеш имаратынын алдында казинолорду жабууга каршы митинг өтөт. Анда мыйзамдуу иштеп жаткан оюн-зоок бизнесин азыркы абалында калтыруу жана аларда иштеген 15 миң жумушчу орунду сактап калуу талабы айтылат. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” айтымында, митингге 5 миңдей адам чыгышы мүмкүн жана алар президент Роза Отунбаева, ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков менен жолугушууну көздөшүүдө.

Ал ортодо премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов оюн залдарын жаап, салык төлөө жагын өзгөртүү менен казинолорду калтыруу керектигин 28-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

28-сентябрда “Кумаркана жана оюн автоматтарын жабуу тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин "Ар-намыс", “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары колдогон. Мыйзамда 2012-жылдын 1-июлунан тарта кумаркана жана оюн автоматтарын жабуу сунушу айтылат. Бүгүн бул мыйзам долбоору парламенттин кеңейтилген жыйынында каралат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG