Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Укук коргоочулар АКШны Өзбекстан боюнча санкцияларды сактоого чакырды


Мындай чакырык “Эл аралык мунапыс”, “Фридом Хаус” өңдүү жыйырма уюм АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонго жолдогон катта айтылат. Укук коргоочулар өзбек президенти Ислам Каримовдун режимине каршы 2004-жылы киргизилген санкциялар сакталуусу керек деп эсептешет. Кат АКШнын Сенатынын комитетинин жакындагы чечиминен кийин жазылды. Анда Өзбекстанга киргизилген санкцияларды жоюу сунушу колдоо тапкан. Мыйзам күчкө кириш үчүн али Сенаттын өзүндө жактырылуусу керек.

Өзбекстан - азыр АКШнын Ооганстандагы аскерлерине Орусия жана Борбор Азия аркылуу жүк жеткирүүгө катышып жаткан өлкөлөрдүн бири. Бирок укук коргоочулар мындай шартта деле өлкөдө оппозицияны, жарандык активисттерди журналисттерди куугунтуктоо, дин эркиндигин чектөө уланып жатканын унутпоо зарыл деп санашат.

XS
SM
MD
LG