Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Кумарканада иштегендер митингге чыгышты


Ушу тапта Жогорку Кеңештин имаратынын алдында казино, оюн автомат жайларында иштегендердин демилгеси менен уюштурулган митинг өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, чогулгандардын саны үч миңдин айланасында. Алар кумарканаларды жабуу боюнча мыйзам долбооруна каршы экенин айтышууда. Митингчилер колдоруна "Кумарканалар жабылса мамлекеттин кирешеси азаят", "Парламент жумуш орундарын кыскартканы жатат" деген жазууларды кармап турушат.
Алардын айтымында, учурда кумаркана жана оюн автоматтарын иштеткен жайларда 15 миңге чукул кыргызстандык эмгектенет.

Бүгүн парламенттин пленардык жыйынында комитеттер тарабынан жактырылган мыйзам долбоору каралат. Ага ылайык, 2012-жылдын ортосунан тартып кумарканалардын ишине тыюу салынат. Президент Роза Отунбаева мурдараак айткан сөзүндө кумарканаларды таптакыр жаап салуу мүмкүн эместигин айтып, алардын ишин цивилдүү жолго салыш керектигин белгилеген. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG