Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Польшада бүгүн Евробиримдиктин саммити башталат


“Чыгыш өнөктөштүгү” деп аталган саммит азыр 27 өлкө мүчө Евробиримдиктин мурдагы СССРдин алты мамлекети: Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова, Украина менен алакасын жакшыртууга багытталган.

Биримдиктин учурдагы төрагасы Польша чыгыштагы коңшулар менен алака-катыш тереңдетилүүсүнүн кызуу колдоочусу катары чыгуууда. Маселен ал жакынкы коңшусу Украина Евробиримдик менен эркин соода боюнча келишимге ушул жылдын аягына чейин жетише алат деп үмүттөнүүдө.

Бирок мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун сотунан улам демократия менен мыйзам үстөмдүгүнүн Украинадагы келечеги боюнча жаңы суроолор пайда болду. Евробиримдик бул соттун саясий жүйөөсү бар деп атаган. Оппозицияны куугунтуктаганына байланыштуу биримдиктин аймагына келүүсүнө тыюу салынгандыктан, беларус президенти Александр Лукашенко эки күндүк саммитке чакыртылган жок. "Чыгыш өнөктөштүгү" долбоору 2009-жылы башталган.

XS
SM
MD
LG