Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Жогорку Сот Үмөталиеванын пайдасына чечим чыгарды


Жогорку Сот бүгүн президенттик шайлоого катышам деген Токтайым Үмөталиева боюнча БШКнын көзөмөл арызын карап, Үмөталиеванын пайдасына чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Токтайым Үмөталиева өзү маалымдады. Жогорку Соттун пикиринде, Үмөталиева тиешелүү сандагы кол топтой алган жок деп чыгарган чечимине Боршайком жетиштүү далилдерди келтире алган жок. Буга чейин Биринчи Май райондук соту да ушундай чечим чыгарган. Бирок БШК ага макул болбой, көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган болчу.

28-сентябрда БШКнын төрага орун басары Гүлмира Журабаева эгер Боршайкомдун чечими Жогорку Сотто да мыйзамсыз деле турган болсо, кол топтоо боюнча бардык кагаздар кайрадан бирден эсептелип чыгаарын "Азаттыкка" айткан.

Анык кол топтой алган эмес деген негизде тил сынагына киргизилбей калган Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиева, Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков, Калыбек Арабаев, Турсунбай Бакир уулу жана Салмоорбек Дыйканов боюнча БШКнын токтомдорун Биринчи Май райсоту мыйзамсыз деп тапкан. Эми акыркы чечимди Жогорку Сот чыгарышы керек. Шайлоо 30-октябрда болот. Талапкер болуп расмий катталгандардын саны 20 адам. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG