Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Жогорку Сотто Түлеев боюнча чечим чыкты


Жогорку Сот бүгүн президенттикке талапкер болуп катталуу арызы менен БШКга кайрылган Нариман Түлеев маарадан мыйзамсыз четтетилген деген чечим чыгарганын "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады.

Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн 30 миңден кем эмес анык кол топтоп, 100 миң сомдук күрөө коюп, тил сынагынан ийгиликтүү өтүү керек. Бирок Нариман Түлеев анык кол топтой алган жок деген негизде БШК аны тил сынагына катыштырбай койгон. Бул туура эмес чечим болгон деген райсоттун бүтүмүн Жогорку Сот бүгүн күчүндө калтырды. Жогорку Сотто дагы 5 адамдын ушундай эле мүнөздөгү арызы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG