Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Террорчу деп шектелген адам кармалды


Улуттук коопсуздук комитети террорчулукка тиешеси бар деп шектелген 29 жаштагы Кыргызстандын жаранын кармап, камакка алды. Ал Нарындын Ат-Башы районунда туулган. Террорчулук жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүргөн деген айыптоолордун негизинде ага карата эл аралык издөө салынган.

Кармалган адам "Жайшууль Махди" деген тыюу салынган уюмдун мүчөсү катары Бишкектин синагогалардын бириндеги, Спорт сарайынын алдындагы былтыркы жардырууларга, Бишкек милициясынын имаратынын алдында жардыруу даярдаганга, чет элдик жаранга кол салууга жана бир адамдын өлүмүнө тиешеси бар экени айтылууда.

Апрель айында бул кылмыштарга тиешеси бар деп шектелген 10 адамга күнөө коюлуп, атайын кызматтар тергеген кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Сот уланууда. Дагы 3 адамга издөө жарыяланган. Алардын бирөө кармалып, эми калган экөө издөөдө. "Жайшууль Махди" уюумуна мүчө деген дагы эки адам март айында Беш-Күңгөй айылында атайын операция учурунда жок кылынган.(RK)

XS
SM
MD
LG