Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

БШК катталбай калгандар топтогон колдорду текшерет


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер болуп катталбай калгандар топтогон колдорду кайра текшерет. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын төрага орун басары Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, эсептөөгө катталбай калгандар өздөрү да катыша алышат.

Анык кол топтой алган эмес деген негизде БШК Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиева, Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков, Калыбек Арабаев, Турсунбай Бакир уулу жана Салмоорбек Дыйкановду жарыштан четтеткен. Аталаган талапкерлердин арызын Биринчи май райондук соту карап, БШК чечимин негизсиз деп тапкан. Жогорку Сот да БШКнын көзөмөл арызын негизсиз деген бүтүм чыгарган.

Колдорду эсептөө 30-сентябрь жана 1-2-октябрь күндөрү болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG