Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Ливияда Каддафинин басма сөз катчысы кармалганы кабарланууда


Ливиянын убактылуу бийлиги – Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрүнө командачылык кылгандардын билдиргенине караганда, Муса Ибрагим Каддафинин кичи мекени – Сирт шаарынын жанынан кармалган. Ал аялча кийинип алып жүргөн. Муса Ибрагим Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрү августта Триполини ээлегенден бери бийликтен кулаган режимдин тыш дүйнөгө добушу катары кызмат өтөп келген эле. Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрү азыр Сирт шаарын камалоодо. Соңку маалыматтарга караганда, алар шаардын аэропортун кайрадан ээлешти.

XS
SM
MD
LG