Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

БШК: Шайлоо мөөнөтү жылдырылбайт


Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Анын мөөнөтү жылдырылбайт. Бул тууралуу бүгүн Боршайкомдун төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда айтты. Талапкер болуп катталбай калгандар менен БШКнын чыры чечилип бүткөнчө добуш берүү күнүн 7-14-ноябрга жылдыра туруу сунушун айрым депутаттар айтышты. "Өткөөл мезгилдин президентинин мөөнөтү 30-декабрда аяктайт. Мыйзам боюнча ошол датага 2 ай калганда шайлоо өтүшү керек", - деди БШК төрагасы. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG