Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Мугалимдин аброюн жогорулатуу иши улантылат


Мугалимдин коомдогу аброюн жогорулатуу боюнча иштер улантылат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын мугалимдердин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтылат. Президенттин айтымында, Кыргызстандын билим берүү системасы эл аралык стандарттарга ылайыкташат, окуу программалары замандын талабына жараша өркүндөтүлөт. Билим берүү системасын каржылоону өркүндөтүү боюнча олуттуу чаралар көрүлөт. Мугалимдердин эмгек акысы көбөйтүлдү, бирок аларга татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу бул иш менен чектелип калбайт. 2-октябрда Кыргызстандын билим берүү тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет. Алардын жалпы саны бир жарым миллиондун тегерегинде. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG