Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:58
Azattyk Twitter

Юлия Тимошенкого өкүм 11-октябрда чыгаары күтүлүүдө


Жума күнү кечинде Украинаны мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун үстүнөн сот отуруму жыйынтыкталды. Бул отурумда Тимошенкого акыркы сөз берилери маалымдалган, айыпталуучунун даярданууга бир нече күн сураганына сот уруксат берген жок. Антсе дагы сот 11-октябрга чейин тыныгуу жарыялады.

Сотко чейин Тимошенко ага карата өкүм алдын-ала эле жазылганын, президенттик администрация аны абакка отургузуу үчүн сотту пайдаланып жатканын айткан.

Мамлекеттик айыптоо Тимошенко өкмөттү жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде 7 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.

Евробиримдик Тимошенконун ишине тыкыр назар салгандыктан, аны эркинен ажыратуу өкүмү болбойт деген негиз дагы айтылууда.
XS
SM
MD
LG