Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Келдибеков казак бийлигине өтүнүч катын жөнөтөт


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” бекетинде болду. Төрага катардагы жарандар жана депутаттардан кыргыз-казак чек арадагы жагымсыз абал туурасында көп дооматтар түшүп жаткандыгын билдирди.

Ахматбек Келдибеков бул тууралуу казак бийликтерине өтүнүч катын жолдорун убадалап, “катта “Кордой” чек ара өткөрүү бекетиндеги кырдаалды ийне-жибине чейин сүрөттөп, биздин атуулдарга бир туугандай мамиле жасоону чек арачылардан талап кылышын суранам”, – деди. (ЕК)

XS
SM
MD
LG