Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Серб Давид Савич өмүр бою теннис ойногондон четтетилди


Cербиялык теннисчи Давид Савич эсепти сүйлөшүп алып ойногону үчүн эл аралык мелдештерден өмүр бою четтетилди. Теннис интегрити уюмунун (The Tennis Integrity Unit) билдиришинче, 26 жаштагы спортсмен анти-коррупция жөнүндөгү эл аралык спорттун эрежесин бузганы үчүн 100 миң доллар айып да төлөйт.

Май айында австриялык теннисчи Даниэл Көллерер оюндун эсебин алдын ала сүйлөшүп ойногону үчүн теннисттин тарыхында биринчи жолу эл аралык мелдештерден өмүр бою четтетилген эле.

XS
SM
MD
LG