Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

БШК эл аралык байкоочуларды каттады


Боршайком эл аралык байкоочу катары Кыргызстандагы Түркия элчилигинин жана Белорусия менен Орусиянын БШК өкүлдөрүн каттады.

Ошондой эле Кыргызстанда 30-октябрда өтө турган президенттик шайлоого ЕврАзЭШтин Парламент аралык Ассамблеясынан жана ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунан байкоочулар көз салышат.

ЕККУ/ДИАУБ миссиясы шайлоого чейинки кырдаал боюнча эки баяндама жазып, добуш берүү күнүнүн эртеси алгачкы жыйынтык маалыматын берет. Ал эми шайлоодон 8 апта өткөндөн кийин эл аралык байкоочулар жыйынтык отчетун тартуулап, өз сунуштарын жана кеңештерин айтат.(ЕК)

XS
SM
MD
LG