Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Ооган президенти талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү токтотту


Хамид Карзай 2-октябрда талиптер менен элдешүү боюнча бардык сүйлөшүүлөрдү токтотту жана коңшулаш Пакистанды экстремисттердин зобун-зордуктарын токтотууга көбүрөөк жардамдашууга үндөдү. Президент Карзай ушу күндөрү тынчтыктын жаңы стратегиясын жарыялоого тийиш.

Ал талиптер менен элдешүү үмүтүнөн сентябрдын башында экс-президент Бурхануддин Рабани жанкечтинин бомба чабуулунан курман болгондон кийин баш тарткан. Жана окуяны иликтөөгө Пакистан көмөктөшпөсө, тыш өлкөлөргө кайрыларын 30-сентябрда билдирген.

Пакистан премьер-министри Юсуф Реза Жилани 1-октябрдагы жообунда Рабанинин өлүмүн тергөөгө Исламабад бар жардамын аябай бергенин айтып, Хамид Карзайда өзүнүн тынчтык элчисинин өлүмү боюнча айрым жаңылыш түшүнүктөр бар деген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG