Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Кыргызстандык мушкер француз боксчусу менен беттешет


Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык боксчу Өмүрбек Малабеков бүгүн француз атаандашы Энтони Брет менен мелдешет. Буга чейин кыргыз мушкери гватемалалык боксчуну утуп алып, алгачкы ийгиликке жетишкен.

Баку шаарындагы мелдештин жыйынтыгы менен алгачкы сегиз орунду ээлеген мушкерлерге 2012-жылкы Лондон олимпиадасына катышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Мелдешке Кыргызстандын атынан тогуз мушкер катышууда. Буга чейин кыргызстандык Юлия Архипова жеңил атлетика боюнча Лондон олимпиадасына катышууга жолдомо алаары, ал үчүн бардык шарттарды аткарганы кабарланган. Спорттун башка түрлөрү боюнча азырынча эч бир кыргызстандык олимпиадага жолдомо ала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG