Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Жаштар уюмдары талапкерлерге кайрылышат


Президенттик шайлоону утурлай өтүп жаткан “Ойлон! Тандайм! Келечек бар!” кампаниясынын алкагында Кыргызстандагы бир катар жаштар уюмдары президенттикке талапкерлерге талап-сунуштары менен кайрылышат. Аталган кампаниянын пиар-менеджери Айсулуу Сартбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Бишкектеги Жаштык аллеясында жаштардын талапкерлерге айта турган талап-сунуштары чогултулат. Жаштар атайын анкетаны толтуруп, өз сунуш, талабын калтырса болот. Бул талаптардын бардыгы топтолгондон кийин, атайын документ катары президенттикке ат салышкан ар бир талапкердин штабына жиберилет. Бул жол менен жаштар болочоктогу президенттен маселелердин чечилиши боюнча алдын ала убада алууну көздөшүүдө. Ушул тапта миңге жакын жаш кыргызстандыктын сунуштары өрөөндөрдөн чогултулду. (KKs)

XS
SM
MD
LG