Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Ошто университет жамааты нааразы болууда


Былтыркы июнь окуяларынан кийин Ош мамлекеттик социалдык университети болуп аталган окуу жайдын ректораты, катардагы окутуучулары жана студенттери нааразы болуп жатканын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдайт.

Былтыркы улут аралык жаңжалга чейин окуу жай кыргыз-өзбек университети деп аталчу. Жаңы аталыш оозеки кабыл алынганы менен, азыркыга дейре документалдуу түрдө ага аталыш бериле элек. Жамааттын атынан Билим берүү жана илим министрлигине 20га жакын кат, кайрылуу жолдонгон. Маселени чечип берем деп министр Канат Садыков өзү да убадасын берип кеткени айтылууда. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG