Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Жүк ташуу борборунан Кыргызстанга 100 млн. доллар түшөт


“Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борбору жылына бюджетке 60 млн.доллар өлчөмүндө ижара акысын төлөп турушу керек. Андан тышкары, андагылар жергиликтүү ишкерлерден күнүмдүк керектелүүчү товарларын алып турушат, ошентип, баш-аягы 100 млн.долларга жакын каражат топтолот”, - деп билдирди “Биринчи радиого” берген интервьюсунда президент Роза Отунбаева. Мамлекет башчысынын айтымында, ушул каражаттын бардыгы бюджетке толук түшүп турушун көзөмөлгө алуу керек.

Жүк ташуу борбору Ооганстандагы антитеррордук операцияга көмөктөшүү максатында ачылган. Аны АКШ өкмөтү каржылайт. Жакында президент Роза Отунбаева аталган борбордун каржылык ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун камсыз кылуу жөнүндө Жарлыкка кол койгон болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG