Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Атайын кызмат күчөтүлгөн тартипте иштей баштады


Президенттик шайлоого байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин өздүк курамы октябрдын башынан тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» кабарлашты. Күчөтүлгөн тартиптин мөөнөтү шайлоодон кийинки кырдаалга жараша узартылат же кыскартылат.

УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айрым маалымат каражаттарына билдиришинче, мекеменин өздүк курамы президенттик шайлоого бир жумалык мөөнөт калганда казармалык тартипке өтөт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (KKs)

XS
SM
MD
LG