Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Катуу шамалдан жарык убактылуу өчүрүлдү


Дүйшөмбүдө республиканын айрым аймактарында катталган катуу шамалдан улам электр энергиясы убактылуу өчүрүлдү. "Түндүкэлектро" ишканасынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болгон. Бак-дарактардын сынган бутактары тийген зымдар учурда калыбына келтирилип бүттү. Болгону, Бишкектеги "Костромская" деп аталган трансформатордук көмөкчордондон тараган баштапкы кабелди оңдоо иши дагы уланууда. Ал Бишкектин батыш тарабын электр энергиясы менен камсыз кылат. Оңдоо иштери бүгүн түшкө чейин аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG