Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Жер титирөөдөн жапа чеккен 500гө жакын үй-бүлө эч жардам ала элек


Июлда Баткен облусунда болгон жер титирөөдөн жапа чеккен 500гө жакын үй-бүлө мамлекеттен эч кандай жардам ала элек. Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин айтымында, күчү дээрлик 8 баллга жеткен силкинүүдөн жалпысынан 1 172 үй-бүлө жапа чеккен. Алардын 402си 10 миң сомдон, 105и 50 миң сомдон акчалай жардам жана 181 үй-бүлө 200 миң сомдон жеңилдетилген ссуда алган. Калгандары эч жардам алыша элек.

19-июлдан 20-июлга караган түнү Баткен аймагында жер титиреп, анын очогу Совет айыл округунда 7-8 баллга жеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG