Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Бала багуу боюнча эмгек эргүүгө аталарды да чыгаруу сунушталды


Парламенттин саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Эмгек кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырды. Алардын бири аталган кодекстин 137-беренесине тиешелүү. Парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мындай өзгөртүү гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган. Жаңы толуктоого ылайык, эми бала багуу үчүн эмгек өргүүсү иштеген энелерге гана эмес, иштеген аталарга да бериле турган норма сунушталууда. Комитет мүчөлөрү чечим кабыл алып, «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин жалпы жыйынына жолдошту. Аялдары иштеп, күйөөлөрү бала баккан тажрыйба көптөгөн чет мамлекеттерде норма катары кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG