Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

“Азаттыктын” Түркмөнстандагы кабарчысынын соту бүгүн башталат


Абадандагы жарылууда кеминде 15 адам өлгөнү айтылып жүрөт
Абадандагы жарылууда кеминде 15 адам өлгөнү айтылып жүрөт
Түркмөнстанда Довлетмурат Язкулиевди “өзүнүн туугандарын жанкечтиликке үндөгөн” деп айыптап жатышат. Журналисттин үй-бүлөсү муну анын журналисттик иши менен байланыштырууда. Эгерде күнөөнү мойнуна алса, журналист беш жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

“Чек арасыз журналисттер” эл аралык уюмунун расмий өкүлү Йохан Бихр бул тууралуу “Азаттыкка” сүйлөп жатып, иште “саясий өңүтү бар” деди.

"Язкулиев быйыл июлда Абадандагы жарылууну чагылдыргандан кийин эле далай кыйынчылыктарга туш болгон, - дейт Бихр. - Ошондо аны коркутуп-үркүткөндөр көбөйдү, бийлик органдарынан да эскертүүлөр айтылган эле. Андыктан азыркы сот иши ага каршы жасалып жаткан аракеттердин акыркысы гана болуп жатат. Бул – саясий иш".

"Азаттык" радиосунун түркмөн редакциясынын кабарчысы Довлетмурат Язкулиев быйыл июлда Абадан шаарчасында курал-жарак кампасында болгон жарылууну алгачкылардан болуп чагылдырган. Расмий бийликтер алгач бул жердеги кырсыкта жоготуулар болгонун жашырганга аракет кылышканы бар.

XS
SM
MD
LG