Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

БШК – талапкер тиреши уланууда


Кол тамгалары кайрадан саналып жаткан талапкерлердин алтоо Башкы прокуратурага кайрылып, БШКнын айрым мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгош керек деп жатышат.

Ал эми Боршайком соттон утуп, тил сынактан өткөн сегиз талапкердин кол тамгаларын саноону улантууда. Ал ортодо президенттикке талапкерлердин жарнак баннерлерин өрттөгөн учурлар катталганы айтылууда.

Жарыштан четтетилген талапкерлер Калыбек Арабаев, Уланбек Сооданбеков, Төрөбай Колубаев, Салмоорбек Дыйканов, Токтайым Үмөталиева жана Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясы кол тамгаларды текешерүүдө мыйзам бузду деген жүйө менен Башкы прокуратурага кайрылышты.

Алар БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов, мүчөлөрү Жеңиш Акматов, Жаркын Бапанова, Гүлнара Журабаева, Рашид Бекбасаров, Нурмамат Ашымовго кылмыш ишин козгоону өтүнүшүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Турсунбай Бакир уулу билдирди.

- Конституцияны, шайлоо комиссиялары туурасында мыйзамдарды одоно бузганы, ошондой эле Жогорку Кеңештин 30-сентябрдагы токтомун, соттордун чечимин аткарбаганы буга себеп болду. Экинчиден, БШК өкүлдөрү кызмат абалынан пайдаланып, уурданып документтерди пайдаланып, бизди каттоодон өткөрбөй койгону сотто жана Жогорку Кеңеште далилденди. Үчүнчүдөн, шайлоо башынан эле таза болгон эмес жана кыргыз элин дагы бир чырга түрткөнү үчүн Башкы прокуратурага кайрылдык.

Үгүт маалындагы тоскоолдуктар

Ал ортодо айрым президенттикке талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын билдирип чыгышууда. Талапкер Адахан Мадумаровдун Токмоктогу штабына белгисиз бирөөлөр кирүүгө аракет жасаганы жана жарнак баннерлерин өрттөгөн фактылар болгону айтылууда.

Мадумаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынын өкүлү Үмүт Муканбетова бул боюнча БШКга арыз жолдонгонун ачыктады.

- Токмоктогу штабда илинип турган Мадумаровдун сүрөтүн алып, кеңсеге киргенге аракет жасалыптыр. Токмок, Кант, Балыкчы, Нарындын кире беришинде жана Ат-Башыда баннерлерге сыр чачып, күйгүзүшүптүр. Биз БШКга кайрылып, сүрөттөрү менен бердик. Биз бул үчүн бирөөдөн деле күмөн санаган жокпуз. Ар кандай болушу мүмкүн. Мүмкүн бул чагымчыл аракет.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы мындай окуялар боюнча маалыматы жоктугун кабарлашты. БШКнын маалыматына ылайык, буга чейин талапкерлер Алмазбек Атамбаев жана Камчыбек Ташиевдин өкүлдөрүнөн үгүт иштерин жүргүзүүдө тоскоолдуктар болуп жатат деген мааниде арыз түшкөн.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы соттон утуп, тил сынактан өткөн сегиз талапкердин кол тамгаларын саноону улантууда. БШКнын төрага орун басары Гүлнара Журабаеванын “Азаттыкка” айтымында, кол тамгаларды кайра саноонун толук жыйынтыгы 5-октябрда жарыяланмакчы.

- Колдорду текшерүүнү эртең толук жыйынтыктайбыз. Ал эми талапкерлердин прокуратурага кайрылышы бул өздөрүнүн укугу. Прокуратура өздөрү деле келип сурап, көрүп бир чечим чыгарат.

Мыйзамды ким бузган?

Ошентип БШК колдор эсептелип бүтсө, алардын жыйынтыгына карап талапкерлерди каттоо алдында турат. Жогорку Кеңеш да өткөн жыйынында жарыштан четтегендердин маселесин карап, талапкерлердин шайлоо укугун кайра калыбына келтирүү тууралуу чечим чыгарган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы атайын билдирүү таркатып, анда бардык мамлекеттик органдарды жана депутаттарды комиссиянын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды.

Билдирүүдө президенттикке талапкерлигин коюп, БШК каттоодон баш тарткан депутаттар шайлоо маселесин Жогорку Кеңешке көтөрүп чыгуу менен мыйзамды бузуп жатканы айтылган.

Анткен менен жарыштан четтетилген айрым талапкерлердин жүздөн ашуун тарапкерлери шейшембиде БШК имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар БШК курамын толугу менен кызматтан кетүүсүн талап кылышты. “ЭрК” партиясынын төрагасы Раис Алымкуловдун айтымында, алар менен жолугууга БШКдан эч ким чыккан жок.

- Негизги талап – БШК мыйзам чегинде иштеп, одоно мыйзам бузууларын токтотуш керек. Булар сот жана ЖК чечимдерин аткарбай, кайра текшеребиз деп өздөрү чечим чыгарып атат. Негизинен БШК толугу менен кызматтан кетиш керек.

Ал эми расмий катталган талапкерлер жер-жерлерде эл менен жолугушууларын улантууда. БШК 20 талапкерди расмий каттап, жарышка аттанткан. Марат Султанов жарыштан чыкканын жарыялагандан кийин тизмеде азырынча 19 киши калды. Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG