Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Мадумаровдун шайлоо баннерлери өрттөлдү


2-октябрдан бери Токмокто, Кантта, Балыкчыда жана Нарында президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун шайлоо баннерлери өрттөлүп, айрылган фактылар катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Бекибай Мамытов билдирди.

Боршайком бул боюнча арыз келип түшкөнүн, аны жумушчу топ карап чыккандан кийин милицияга жана прокуратурага маалымат берилээрин "Азаттыкка" маалымдашты. "Биз андай ишке баргандарды издеп кармоого укугубуз жок. Муну тиешелүү органдар териштиришет" деди БШК мүчөсү Нурмамат Ашымов.

Адахан Мадумаровду президенттикке талапкер кылып "Бүтүн Кыргызстан" партиясы көрсөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG