Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Бишкектин Анкарасы пайда болду


Бишкектин Максим Горький атындагы көчөсүнүн Шабдан Баатыр жана Мухтар Ауэзов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси мындан ары Анкара көчөсү деп аталмай болду. Бул тууралуу бүгүн Түркиянын эл аралык кызматташтык администрациясынын өкүлү Хакан Эргюн менен болгон жолугушууда Бишкектин мэри Иса Өмүркулов айтты. Анын пикиринде, бул эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелеринин бекемделишине өбөлгө болот. Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жакында Бишкекте нан чыгаруучу жаңы ишкана ачылмай болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG