Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Бекназаров сотто бакиевдик бийликти күнөөлөдү


Оппозиция лидерлерин мурдагы бийлик кармап, камакка ала баштаганы окуянын детонатору болгон. Бул тууралуу бүгүн Убактылуу Өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров апрель окуясы боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берип жатып билдирди. Ал оппозициянын Бишкекке чогулуп курултай өткөрүү планы болбогонун, "Форум" имаратынын алдына андан аркы кадамдарды такташып алуу үчүн гана чогулгандарын айтты деп билдирет Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликке каршы акция өтүп, токсонго жакын адам набыт болгон. Аларды өлтүргөндөрдү аныктап, жазалоо үчүн соңку бир жылдан бери сот жараяны уланып келүүдө. Соттолуучулардын саны 28 адам. Башында экс-президент Курманбек Бакиев турат. Ал жана дагы беш соттолуучу эл аралык издөөдө. Алардын үстүнөн сот сырттан жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG