Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

БШК: Топтолгон колдор боюнча протоколдор салыштырылып жатат


Топтолгон колдордун эсептелиши аяктай элек, учурда соңку салыштырып-ирээттөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, бүгүн түнкү саат 12ге чейин эсептөө толугу бойдон аяктайт. Ал эми БШКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, эртең саат 10до БШК жыйыны болуп, текшерүүнүн жыйынтыгы расмий жарыяланат. Үч күндөн бери Боршайком президент болом деген 8 адамдын чогултуп келген колдорун кайра эсептеп жатат. Эгер 30 миңден кем эмес кол топтоду деген чечим чыгарылса, ал адам талапкер болуп катталат жана шайлоого катышуу укугун алат. Буга чейин ал 8 адамдын топтогон анык колдорун БШК 30 миңге жетпейт деп чечимин чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG