Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

“Азаттыктын” Ашгабаддагы кабарчысы эркинен ажыратылды


“Азаттык” үналгысынын Түркмөн редакциясынын Ашгабаддагы кабарчысы “башка бирөөнү жанкечтиликке үндөгөн” деген айып менен бүгүн беш жылга түрмөгө кесилди. Дөөлөтмурат Язкулиев өзүнүн бир тууган агасынын үйүндөгү чыр боюнча айыпталган эле. Бирок журналисттин туугандары анын бул чырга эч кандай тиешеси жоктугун айтып, Язкулиевге каршы ачылган кылмыш иши анын журналисттик иши менен байланыштуу дешкен.

Бүгүн Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму Язкулиевдин ишине байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. “Ал журналисттик иликтөөлөрү жана Интернеттеги блогдору үчүн жазаланып жатканы айдан ачык”, - делинет уюмдун билдирүүсүндө. Кабарчы ушул жайда Абадан шаарындагы курал кампасында болгон жарылууну биринчилерден болуп чагылдырган.

XS
SM
MD
LG