Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Кол тамгаларды текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн жарыяланат


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке жарыштан четтетилген сегиз адамдын чогулткан кол тамгалары боюнча чечимин жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди. Анын айтымында, кечээ жумушчу топ түнкү саат 12ге чейин текшерүү жана салыштыруу иштерин жүргүзгөн. Боршайком президент болом деген 8 адамдын чогултуп келген колдорун үч күндөн бери кайра эсептеп жатат. Эгер 30 миңден кем эмес кол топтоду деген чечим чыгарылса, ал адам талапкер болуп катталмакчы. Буга чейин БШК 8 адамдын топтогон анык колдору 30 миңге жетпейт деп аларды каттоодон баш тарткан. Бул жагдай соттук жараяндар менен коштолгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG