Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Шайлоо 2011: Дагы төрт талапкер катталды


Боршайком бүгүн президенттикке талапкер кылып дагы төртөөнү - Акбаралы Айтикеевди, Турсунбай Бакир уулун, Төрөбай Колубаевди жана Нариман Түлеевди каттады. Буга чейин БШК алардын топтоп келген анык колдорун жетишсиз санда деп маарадан четтетип койгон болчу. Бирок кечээ аяктаган кайра эсептөөнүн жыйынтыгында алардын ар бири 30 миңден кем эмес кол топтой алганы анык болгон. Ошентип расмий катталган талапкерлердин саны 24 болду. Бирок алардын бири - талапкер Марат Султанов өткөн аптада шайлоого катышпай турганын жарыялаган эле. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG